Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакшы эс алуу жаңы ийгилике кадам

Аксы районундагы баштапкы уюмдар жайкы эс алууларын баштады. №22 С.Жээнбаев  мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү  кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири болгон Сары-Челек көлүнө барып эс алып келишти.

Кереметтүү көлү, арча жаңгактуу токойу менен белгилүү болгон Сары-Челек көлүнө келген жандын жан дүйнөсү тазарып эргүү алат.  Жайкы эс алуу көңүлдүү өтүп, жаратылыш койнунда кызыктуу оюндар менен коштолду. Колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетине ыраазычылык билдиришти.

Аны менен бирге Аксы районундагы №63 К.Сапаралиев мектебинин мугалимдери Арстанбап эс алуу жайына барышып, жаратылыштын койнунда эс алуулары жакшы өтүп, жакшы маанай менен дем алып келишти.

Арстанбап өлкөбүздөгү жаңгактуу токойлордун бири болуп саналат. Жаратылышынын кооздугу, суусунун тунуктугу келген адамдын көзүнүн жоосун алат.

Андан тышкары, Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү №65 С.Жоробаев атындагы орто мектебинин жааматы быйылкы окуу жылын ийгиликтүү аякташып, эс алуу үчүн Падыша-Атага барып келишти. Эс алуу көңүлдүү болуп, арча карагайлуу асман тиреген тоолордун арасында оюн-зоок, ыр күлкүлөр менен коштолду. Мектеп жааматы жакшы маанайда кайтышып уюштуруу тобуна жана баштапкы уюмдун төрайымына ыраазычылык билдиришти. Баштапкы уюмдун төрайымы Г. Усенбаева кийинки жылы жайкы эс алууну мындан да жогорку деңгээлде уюштурарын баса белгиледи.

Кесиптик бирлик мүчөлөрү жайкы эс алууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетине ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов жана баштапкы КБКнын төрайымы Г. Усенбаева