Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакшы эс алуу - ийгиликке өбөлгө

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети мугалимдердин ден-соолугун чыңдоого, бекемдөөгө жана эс алуусуна өзгөчө көңүл бурууда. Райондук комитет “Кочкор-Ата” санаториясы менен келишим түзүп, жыл бою райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген агартуу кызматкерлерин кезеги менен эс алдырып келүүдө. 2018-2019-окуу жылында да санатория менен жаңы келишим түзүлүп, анын негизинде жыл ичинде 33 билим берүү кызматкери ден-соолугун чыңдоого жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Мугалимдер ал жерде ден-соолугуна кам көрүп, эс алуу менен гана чектелбестен, мугалимдердин арасында ишке болгон кызыгууну, эмгегинин бааланып жаткандыгын да сезишет. Азыркы күндө билим берүү кызматкерлеринин алгачкылары эс алууда.

Бул иш мындан ары да колго алынып, үзгүлтүксүз улантылмакчы.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров