Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайыл районунда окуу үйрөтүмү болуп өттү

   2017-жылдын 26 майында Жайыл районунун «Чебурашка» балдар бакчасынын базасында Жайыл районунун билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик  уюмунун  профактивдеринин  «Маалымат булактарынын  профсоюз уюмунун иштеринде колдонуу  боюнча  окуу үйрөтүмү  болуп өттү. Окуу үйрөтүмгө мектептин, мектепке чейинки билим берүү тармактарынын 40 профсоюз уюмунун төрайымдары катышты.

   Окуу үйрөтүмдүн максаты: Маалымат иштеринин профсоюз уюмундагы орду жана милдетин түшүндүрүү жана аны өз ишинде  колдоно билүү. Катышуучулар төрт топко бөлүнүп, маалымат иштеринин  профсоюз уюмундагы  орду, кызматы, милдети жөнүндө  талкуулашты. Ар бир топ  профсоюз уюмундагы  көйгөйлүү  суроолорго  жооп берип, өз ойлорун  ортого салышты. Окуу үйрөтүмдүн  жүрүшүндө  маалымат  булактары  боюнча  слайд  көргөзүлүп өттү. Окуу үйрөтүмдүн  негизинде  Ыйман, адеп жана маданият  жылы боюнча  да айтып өттү. Катышуучулар  тарабынан  көптөгөн суроолор  берилип, бардык  суроолорго  кеӊири  жооп ала алышты.