Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАЙКЫ ДЕМ АЛУУ КАНДАЙ БОЛОТ?

Райондук комитеттин Президиумунун жана райБББнын коллегиясынын биргелешкен отурумунда 2 тарапка тең бирдей тиешелүү төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана алардын балдарынын 2017-жылдагы  жайкы дем алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө.
  2. Жаңы 2017-2018-окуу жылына билим берүү мекемелерин үлгүлүү даярдоо боюнча райондук кароо-сынак  өткөрүү жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча РКП төрагасы Т.Жумаев баяндама жасап, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана алардын балдарынын         2017-жылдагы  жайкы дем алуусун уюштуруу боюнча чаралардын планынын долбоору менен тааныштырды. Долбоорду талкуулоого катышкандар жайкы дем алууну уюштуруунун жаңы жолдорун издөө, облустун жана райондун ички мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу, демөөрчүлөрдү жана ишкерлерди каражат жагынан жардамга чакыруу ж.б. жөнүндө өз сунуштарын айтышты.

Экинчи маселе боюнча райБББнын башкы адиси О.Мажилимов  баяндама жасады, кароо-сынактын жобосунун долбоору менен тааныштырды. Кароо-cынак баштап айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде, анда жеңип чыккандар үчүн райондук деңгээлде боло тургандыгы  аныкталды. Алдыңкыларды сыйлоо үчүн  райондук профсоюз уюмунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн бюджеттеринен бөлүнө турган каражат белгиленди. Жайкы дем алуунун планын ар бир билим берүү мекемесинде жетекчилик менен профсоюз уюму биргелешип түзүү жана аны аткаруу тапшырмасы берилди.

Каралган эки маселе боюнча биргелешкен чечим кабыл алынды.

 

РКПнын адиси                                         Б.Абдыразакова