Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алууну уюштурунун иш-чаралары бекитилди.

2018-жылдын 8-июнунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болду.

Президиумда төмөнкү маселелер талкууланды:

  1. Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  обкомунун алдында жайкы эс алууну уюштуруу боюнча штаб  түзүү жана курамын бекитуу жөнүндө.
  2. 2018-жылы облуста балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө.
  3. Жалал-Абад облусунун профсоюздук уюмдарынын массалык –маалымат каражаттары менен иштөө тажрыйбасын жыйынтыктоо боюнча аткарылган иштер жөнүндө.
  4. Эс алуу жана дарыланууучу мекемелерге жолдонмолорду бөлүштүрүү жөнүндө

 Кун тартибиндеги маселелер боюнча обкомдун жооптуу кызматкерлери: А. Бегматов, А.Айдаров,  З. Сулаймановдор маалыматтар  беришти.

Маалыматтар боюнча ЖАМУнун студенттер санаторий-профилакториясынын башкы директору Ж. Махкамбаев, Сузак райкомунун төрагасы А. Орозалиев, Аксы райкомунун  төрагасы С. Камчыбеков, Базар-Коргон райкомунун төрагасы С. Жаркымбаевтер ой-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.

Отурумду обкомдун төрагасы А. Исмаилов жыйынтыктап, кун тартибиндеги меселелер боюнча токтом долбоорун сунуштады. Токтом сунуштарды эске алуу менен  бекитилди.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инпектору-А.Айдаров.