Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуулар уланууда

Аксы районунда кесип бирлик мучөлөрүнүн эс алуулары старт алууда. Окуучуларды каникулга жөнөтүп, ремонт иштерин бүтүрүп мугалимдер эс алууга барышты. 

Жыл ичинде тынымсыз эмгектенип, эс алууга убактысы болбогон кесип бирлик мүчөлөрү жаратылыш койнунда дем алышты. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос эс алууга жумшалды. Жаратылышы эң кооз, таза аба, асман тиреген карагайлары , шаркырап аккан суусу бар Падыша-Ата жайлоосуна Ш.Тойматов, А.Сулайманов, Т. Көчкөнов мектептеринин кесип бирлик мүчөлөрү барышты. Көз жоосун алган жаратылышына суктанбаган адам жок. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, ошол себептен чет өлкөлүк жарандар да тынымсыз келип турушат. Мындай эс алуулар жыл сайын уюштурулуп келет. Жайкы эс алууларды уюштуп ,ден соолукту да чыңдайбыз. 


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева