Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жайкы эс алуу-2019» иш-чарасы жыйынтыкталды

2019-жылдын 18-октябры күнү билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук  комитетинин президиумунун  кезкектеги отуруму болуп, президиум мүчөлөрү  жана  чакырылгандар катышты. Анда төмөнкү  маселелер талкууланды:

  1. Облуста “Жайкы эс  алуу-2019” иш-чараларынын  жыйынтыктары.
  2. Облуста 9  айлыктын жыйынтыктары боюнча профсоюздун  Уставына  ылайык мүчөлүк акылардын төлөөнүшүнүн  абалы.
  3. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жыл тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” кароо-сынагынын облустук турун өткөрүнүн графигин бекитүү .
  4. Ардагер Б.Абдираимовтун кайрылуусуна негиз Жалал-Абад шаардык социалдык  өнүгүү бөлүмүнө кайрылууну  талкуулоо  жана  кабыл алуу.
  5. Ар турдүү  маселелер.

Күн тартибиндеги 1-2 маселелер боюнча обкомдун финанса бөлүмунүн  башчысы З.Сулайманов маалымат берип, суроолорго жооп берди.

3-4 маселелер  боюнча обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов билдирүү  жасады.  

Талкууда Ала-Бука райкомунун  төрагасы Ж.Дурусалиев, Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, Ноокен райкомүнүн төрагасы К.Нышанов пайдалуу  сунуштарын, пикирлерин билдиришип  активдүү катышышты.

Ар түрдүү  маселелерде президиум мүчөлөрү  тарабынан сунушталган токтом долбоорлору талкууланды. Президиум өтурүмү күн  тартибиндеги  маселелер  боюнча  тийиштүү  токтомдорду  кабыл алды.Президиум өтүрүмүн обкомдун  төрагасы А.Исмаилов  алып барды  жана жыйынтыктады.

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун инспектору

А.Айдаров