Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңгак фестивалы

Базар-Коргон районун Кызыл-Үңкүр, Арстанбап айыл аймактарынын токойлору жаңгактын мекени болуп саналат. Жаңгак токойлорунда алма, алча, долоно, изирик,  айвансары жана түрлүү дарактар, дары чөптөр өсүп, жаратылыштын кооздугу эс алуучуларды өзүнө тартып турат. Жаңгак токойлору жергиликтүү тургундардын негизги кирешелеринин бири болуп, райондун экономикасынын  өнүүгүсүнө  өбөлгө түзөт.

Ушул максатта Базар-Коргон районунун борбордук аянтында “Жашыл экономика өнүүгүгө өбөлгө” аталышындагы жаңгак фестивалы болуп, токой жемиштери жана алардан жасалган тамак-аш товарлары көргөзмөгө коюлду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.М.Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондогу билим берүү кызматкерлери, токойчулар, жергиликтүү тургундар жана чакырылган коноктор катышты. Жаңгак токойлорун коргоо, аянтын кеңейтүү, экспорттоо боюнча сөз болду.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов