Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөндө райондук спартакиада өткөрүлдү

2019-жылдын  20-апрель  күнү Өзгөн районундагы  А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин базасында  билим    берүү     кызматкерлеринин      жазгы  28- спартакиадасынын финалдык туру болуп өттү. Спартакиада аймактарда спортту өнүктүрүү, ден-соолукту чыӊдоо жана   билим берүү кызматкерлеринин  арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өткөрүлдү.

Спартакиаданын  финалдык туруна 3  аймактан  спорттун  алты  түрүнөн I  жана II  орундарды  ээлеген  мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  катышып, күч  сынашты.  Жыйынтыгында командалык оюндар боюнча спорттун волейбол түрүнөн  эркектер  арасында  А.Маматов атындагы орто мектебинин, ал эми аялдар  арасында  Д.Шопоков атындагы орто мектебинин, ордо  боюнча  А.Турабаев  орто  мектебинин, спорттун кичи футбол түрү боюнча Жазы аймагынын курама командалары  I  орунду  жеӊип  алышты.

Ал эми  тогуз  коргоол  боюнча эркектер арасында А.Калмурзаев атындагы  орто  мектебинен   Н. Садыков, аялдар арасында К.Раимбеков гимназиясынан  Д.Бапышова, шахмат  боюнча эркектер арасында М.Сагынова атындагы орто мектебинен К.Ибраимов, аялдар арасында А.Төрөгелдиев атындагы  орто  мектебинен  Б.Султаналиева, стол тенниси боюнча эркектер арасында М.Кулуев атындагы  орто  мектебинен Т.Жумаев,  аялдар арасында  К.Рысбаев атындагы орто мектебинен Н.Камбаровалар  I  орундарга  ээ  болушту.

Билим  берүү  кызматкерлеринин 28-спартакиадасы  жогорку  деӊгээлде,  уюшкандыкта  өттү.  Спартакиаданын   ачылышына  Өзгөн  райондук  билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик бирлик    комитетинин  төрагасы  И.Мырзамидинов  катышып,  куттуктоо  сөз  сүйлөп,  оюнчуларга  жана мектеп командаларына  ийгиликтерди каалады.

Спорт бул ден-соолуктун  булагы,  тынчтыктын  тиреги экендигин белгилеп, оюнчуларды сергек  жашоого, спорт  менен  дайыма  машыгууга, бирге  болууга  чакырды.

Ошону менен бирге спартакиаданын  жеӊүүчүлөрү  I-II-III    даражадагы  дипломдор,  баалуу  белектер  менен  сыйланышты жана билим берүү кызматкерлеринин  областтык  «Ден-соолук - 2019» спартакиадасына катышууга жолдомо алышты.

 

Өзгөн  РПК