Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин маалыматы.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин маалыматы.

 

  - Өзгөн районунун аймагындагы бардык жалпы билим беруу мекемелери жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары кезексиз каникулга чыгарылган.

  - Жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери өзгөчө кырдаалга байланыштуу жумушка келүү токтотулган жана аралыктан иштъъгъ уруксат берилген. 

  - Мектептерде мугалимдер жана класс жетекчилер тарабынан окуучулардын жана ата-энелердин ВАТСАПП группалары түзүлдү. 

  - Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери ОНЛАЙН сабак өтүүгө жана ДИСТАНТТЫК окутууга даярдыктарды көрүлүп, учурда окуучулар аралыктан жана ОНЛАЙН окуп жатат. 

  Райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Коронавирус оорусунун жайылуусун алдыналуу, кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жайгашкан М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатында эмгектенген 24 кызматкерге жана 85 окуучуга 200 даана маска, 20литр Антисептик, 100 даана самын жалпы суммасы - 12500 сомдук орунун алдын алуучу каражаттар тапшырылды. Ошондой эле Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенген 40 кызматкерге 100 даана маска, 100 даана кол кап, 42 даана антисептикалык каражаттар жалпы суммасы - 6080 сомдук медициналык каражаттар алынып берилди. Өзгөн РПК тарабынан 64 кызматкерге, 85 окуучуга жалпы суммасы - 18580 сомдук медициналык каражаттар алынып таркатылып берилди.

 

 

Өзгөн РПК