Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинин спорт залынын курулушу аягына чыгып, пайдаланууга берилди.

Анын ачылуу аземине КР Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, КР Президентинин Жалал-Абад областындагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова жана шаардык кеңештин депутаты Адилбек Жоробаев, Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.

Аталган мектептин спорт залынын курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулуш ишин аягына чыгаруу үчүн быйыл жергиликтүү бюджеттен 7,5 миллион сомго жакын каражат сарпталды.

Белгилей кетсек, Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинде эки миңге жакын окуучу билим алат.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков