Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Заманбап билим келечекке бекем пайдубал болот

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”  жылына карата  Тогуз-Торо районундагы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектебинде  “Заманбап билим келечекке бекем пайдубал болот” деген темада  райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким  Айбек Карыбекович, Тогуз-Торо айыл округунун башчысы Улан Сапарбекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек  Сапарбекович, райкомдун төрагасы Залкар Керипбаевич  жана  жалпы билим берүүчү орто мектептердин жетекчилери, мугалимдери катышты.  Семинардын максаты  мектептин материалдык –техникалык базасын ар тараптан чыңдоо жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн жогорлатуу максатында электрондук китепканын  1-4-класстар “Ай билим”,  жогорку класстарда “Билим булагы” программасынын негизинде сабактарды өтүү менен тажрыйба алмашуу. Семинардын жүрүшүүндө  райондо биринчилерден болуп ачылып жаткан  электрондук китепкананын ачылышы болду.  Мугалимдер тарабынан жаңы технологияларды пайдалануу менен  ачык сабактар отүлдү.  Семинардын жыйынтыгында №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эмгек жааматына семинардын катышуучулары тарабынан ыраазычылыктар айтылды. 

 

 

Даярдаган:

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети