Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Юбилей кут болсун! Урматтуу Абдимажит Джумабаевич!

Юбилей кут болсун!

Куттуктоо!

Урматтуу Абдимажит Джумабаевич!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун, бардык райшааркомдордун төрагаларынын жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү күнү белгиленип жаткан 60 жылдык кутман курак майрамыңыз менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиз жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, алгачкы эмгек жолуңузду катардагы мугалим болуп баштап, мектеп жетекчилигинин бардык баскычтарын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтарын басып өттүңүз.

Учурда профсоюздун Сузак райондук комитетинин төрагасы кызматын ийгиликтүү аткарып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык–экономикалык кызыкчылыктарын коргоону күжүрмөндүүлүк менен ишке ашырып келе жатасыз, Сиздин бул иште жараткан ийгиликтериңиз бизди да кубандырат.

Профсоюздук коомчулук Сизди иште алдына адам салбаган, терең эрудициялуу, маселенин уңгусун кармай билген, ой-чабыты кенен, өзүнө гана таандык мүнөзү бар, оор-басырыктуу жүрүм-туруму менен башкалардан өзгөчөлөнгөн жетекчи, адамгерчилиги бийик, өз позициясынан тайбаган көкжалдыгы бар инсан катарында билет.

40 жылдан ашык иш-тажрыйбаңыз жалпынын кенчине айланып, жаш кызматкерлерди тарбиялоодо үлгү болуп жаткандыгын, Биз тайманбай айта алабыз.

Убагында эмгегиңиз жогору бааланып, «Кыргызстан Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, «Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюзунун Ардак грамотасы», «Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамотасы», Жалал-Абад облустук, Сузак райондук мамлекеттик администрацияларынын жана райондук кеңештин «Ардак грамоталары» менен сыйландыңыз. Ал Сиздин ак эмгегиңиздин үзүрү, жемиши экендигине бардыгыбыз кубанычтабыз.

Биз Сизди бактылуу үй-бүлөнүн атасы, неберелерди бапестеп, өстүрүп жаткан чоң ата, таята катарында да билебиз.

Урматтуу Абдимажит Джумабаевич!

Сизди дагы бир жолу 60 жылдык кутман курак маарекеңиз менен куттуктап, бакубат ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз. Ишиңизди дайыма ийгилик коштосун.

Бардык райшааркомдордун төрагаларынын атынан,

Профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы                           А.Исмаилов Жалал-Абад шаары, 2-июнь 2020-жыл

Материалды даярдаган : Жалал-Абад обкомунун инспектору –А.Айдаров.