Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көлдөгү эс алуу

Биздин райондо салт болуп калган мугалимдерди  жасаган эмгегине жараша баалоо- жогорку деӊгээлде жүрдү.  Жыл ичи  окутуу-тарбиялоо ишинде  активдүү  катышып,  алдыӊкы орундарды ээлеген мугалимдерди  Ысык-Көлгө эс алдырды.

Эс алуу аябай пландуу өттү. Көл кылаасында  эӊ жакшы  деп эсептелген жерлерге  саякат уюштурулду.  Анда «Рух Ордо»  маданий борбору  бизге өтө бай сезим тартуулады.  Мугалимдер жакшы эс алышып, убактысын көӊүлдүү  өткөрүштү. Мындай эс алуулар мугалимдердин  ишке  болгон шыгын дагы да өстүрдү. Жаӊы окуу  жылында дагы конкурстарга катышып алдынкы орундар үчүн күрөшөбүз  деген  ойдо кайтышты.

Мугалимдер  бул  эс алууну  уюштуруп берген  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуевге,  кесиптик бирликтин төрагасы К.К.Нышановго, усулдук каананын жетекчиси К.Садировго өз ыраазычылыктарын  билдиришти. 

Даярдаган: Тагаева Нургүл Закиралиевна -№16 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы,  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүсү,  «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги», райондук «Улгулуу кыргыз тилчи-2016» кароо-сынагынын  жеӊүүчүсү.