Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көл облусунун билим берүү тармагы боюнча координациялык Кеңешинин экинчи отуруму

      2017-жылдын  август  айында    Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Ысык-Көл облусунун   ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  алдында билим берүү  тармагы боюнча  координациялык    Кеңеш 15 адамдан түзүлгөн,  Кеңештин төраймы  болуп Ысык-Көл облусу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Усенова Эльмира Валентиновна  шайланды. Ысык-Көл облусу боюнча билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз кыймылынын  уюштуруучусу Ө.Молдокматов Кеңешке  мүчө болгон.

       Облусттук билим берүү  тармагы боюнча  координациялык  Кеңеши билим берүүгө тиешелүү маселелерди райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, облустун билим берүү координациясы,  жергиликтүү  бийлик органдары, билим берүүгө кызматташ болгон   мекемелери менен жеринде чечилүүчү   маселелерди  карайт  жана   алардын ишке ашуусуна  жардам берүүнү көздөйт.

 

            24-ноябрь  2017-жылы  Облусттук билим берүү  тармагы боюнча  координациялык   Кеңешинин   экинчи отруму  болуп төмөндөгүдөй маселелер каралды:

-Билим берүү мекемелеринин кышка даярдыктары

-мектептерге  ысык тамак-аш киргизүү  иштери

-Билим берүү  тармагындагы өрткө болгон   коопсуздук иштеринин абалы

-  Билимин жогорулатуу курсунда окушкан  кызматкерлеринин иш сапар чыгымдары

             Облустун  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз кыймылынын  уюштуруучусу Ө.Молдокматов тарабынан  билимин жогорулатуу курсунда окушкан бала-бакча кызматкерлеринин иш сапар чыгымдары жергиликтүү бийликтер тарабынан  төлөнбөй жатканын ошондой эле мугалимдердин  иш сапар чыгымдары КР билим берүү жана илим  министрлиги тарабынан  2016-2017-жылдар үчүн төлөнбөй жаткандыгын маалымдады.                                                   

            Бул маселе боюнча   КР   билим берүү жана илим  министрлигине  мугалимдердин иш-сапар чыгымдары боюнча  Облустук Кеңештин атынан  кайрылуу жөнөтүү чечими кабыл алынды,    ал  эми бала-бакча кызматкерлеринин иш сапар чыгымдарын чечүүнү  Облустук Кеңештин  катышуучулары болгон   райондук, шаардык  мамлекеттик админстрация  башчыларынын орун басарларына милдеттендирилди.

 

 

Облустун  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  

профсоюз кыймылынын  уюштуруучусу:                        Ө.Молдокматов