Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көл районунун мектептеринде 1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшү күнүн жана ВИЧ СПИД менен күрөшү айлыгын өткөрүлүшү боюнча маалыма

Мектептерде 2018 жылдын 1 ноябрынан 1 декабрына чейин ВИЧ СПИД менен күрөшү айлыгы өткөрүлдү.

Мектептерде ВИЧ инфекциясына каршы күрөшү  жана алдын алуу боюнча план иштелип чыгып, иш чаралар өткөрүлдү. Окуучулардын арасында анкеталык сурамжылоо жүргүзүлүп, айылдык медицина кыматкерлери тарабынан түшүндүрү  иштери аткарылып жана лекциялар окулду. Мындай иш чаралар окуучулар арасында гана чектелип калбастан, алардын ата энелери менен маектер жүргүзүлдү. Ар бир мектепте дил баяндар,жат жазуулар жазылып эн жакшы иштер өзгөчөлөнүп көрсөтүлдү. Ошондой эле мектептерде окуучулардын рефераттарынын, докладдардын, дубал- газеталардын, буклеттердин конкурсу өткөрүлдү. Мектептердин өзүн өзү башкаруу органдары-парламенттери тарабынан ар кандай кече,диспут,тегерек столдор уюштурулууда.

Айлыктын алкагында ВИЧ СПИДди, жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды, бангиликти алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп, видеороликтер көрсөтүлдү. ВИЧ СПИДдин жугуу жолдору, оорунун кесепеттери тууралуу викторина, конкурстар уюштурулду. 

2018 жылдын 30 ноябрында Чолпон-Ата шаарында “1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө” карата жөө жүрүш, андан сон иш чара уюштурулду.

Ал эми 2018 жылдын 4,5,6,7 декабрында СПИДге каршы иш чараларды өткөрүүнү жыйынтыктоо максатында  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен райондук билим берүү, райондук маданият бөлүмү жана райондук профсоюз уюму менен бирдикте 

“Биз СПИДге каршыбыз!” деген аталышта иш чара  өткөрүлдү.

2018 жылдын 4-декабрында иш чара Н.Лященко атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Аталган иш чарага Ж.Шабиров атындагы орто мектебинен Кожояр орто мектебине чейин 10 мектеп катышып, жыйынтыгында Ж.Шабиров, Акун Мыктыбек уулу, Н.Лященко, Кожояр орто мектептеринин окуучулары кароо сынактын финалдык туруна катышууга жолдомо алышты.

2018 жылдын 5-декабрында “Биз СПИДге каршыбыз!” иш чарасынын зоналдык туру К.Кудайбердиева атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Иш чарага А.Пушкин атындагы орто мектебинен А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын окуучулары катышып, сынактын финалдык туруна катышууга жолдомо К.Кудайбердиева, К.Орозов, А.Осмонов, Т.Атаев атындагы орто мектептеринин окуучулары ала алышты.

2018 жылдын 6-декабрында иш чара К.Бектенов  атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Аталган иш чарага М.Ноорузбаев атындагы орто мектебинен К.Бектенов атындагы орто мектебине чейин 10 мектеп катышып, жыйынтыгында К.Бектенов, Өрнөк, О.Джумаев атындагы орто мектептеринин окуучулары кароо сынактын финалдык туруна катышууга жолдомо алышты.

2018-жылдын 7-декабрында “Биз СПИДге каршыбыз!” иш чарасынын финалдык туру Кара-Ой айылынын маданият үйүндө өткөрүлдү. Кароо сынактын финалдык туруна зоналдык турдан алдынкы орунга ээ болгон 11 команда катышып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болушту:

ГРАН-ПРИ- Ананьево айылындагы Н.Лященко атындагы орто мектебинин “Жизнь” командасы,

1-орун-Кожояр айылындагы Кожояр орто мектебинин “Таза коом” командасы,

2-орун-Кара-Ой айылындагы К.Бектенов атындагы орто мектебинин “Келечек” командасы,

3-орун-Чон-Сары-Ой айылындагы О.Джумаев атындагы орто мектебинин “Келечек” командасы.

Жогорудагы алдынкы орундарга ээ болгон мектептердин тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларына  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар тапшырылды.

Ал эми  райондук билим берүү бөлүмү, райондук маданият бөлүмү жана райондук профсоюз уюму тарабынан командалар дипломдор жана баалу сыйлыктар  менен сыйланды.

Жогорудагыдай иш чаралар биргеликте улантылып өткөрүлүп турмакчы. 

 

Материалды даярдаган Улан Урбаев