Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көл областында « Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү» кароо-сынактары өткөрүлдү

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  «Аймактарды өнүктүрүү жылынын»  алкагында «Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү»  кароо-сынактары Ысык-Көл облусунун билим берүү тармагында жарыяланган.

«Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү»  кароо-сынагынын жобосу Ысык-Көл облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз кыймылынын уюштуруучусу менен макулдашылып,  облустук билим берүү институту тарабынан  бекитилген. 

Жобонун негизинде биринчи этабы  район-шаарларда билим берүү бөлүмдөрү жана райондук-шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитеттери менен биргеликте өткөрүлүп,  жеңүүчү болгон мугалимдер облустук кароо-сынакка катышууга жолдомо  алышкан.

Облустук  этабында   район-шаарлардан келген  12  мугалим баш байге үчүн ат салышты.  Калыстар тобу тарабынан  13-декабрда   мугалимдердин иш-кагаздарына жана тесттик суроолордун жоопторуна  баа берилди  ал эми 14-декабрь күнү   Каракол шаарындагы  №1 гимназия мектебинде  кароо-сынактын катышуучусу болгон мугалимдер 45 мүнөттүк мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартына жооп берген ачык сабак өтүшүп калыстар  тобу тарабынан  бааланды.

Жыйынтык чыгаруу этабы 15-декабрда   Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлдү. Бул күнү кароо-сынактын катышуучулары өзүн-өзү тааныштыруу, интеллектуалдык суроолорго жооп берүү, педагогикалык чеберчилигин чагылдырган мастер класс көрсөтүү жана өнөр таймаш боюнча өткөрүлүп, ар бир кароо-сынактын катышуучуларына баалары берилди. Калыстар тобу тарабынан  жалпы жыйынтык  чыгарылып,  жеңүүчүлөр  аныкталды.

Баш-байге сыйлыгын Т.Сатылганов атындагы облусттук мектеп интернатынын англис тили сабагынын  мугалими  Апазова  Айзада  Жыргалбековна  жеңип  алды.

Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасында Баш-байгеге Ысык-Көл районундагы А.Осмонов атындагы мектеп комплексинин башталгыч классынын  мугалими Лебедева Светлана Владимировна татыктуу  болду.

Кароо-сынактын катышуучуларына алган упайлары боюнча орундары аныкталып КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, облусттук билим берүү институтунун Ардак Грамоталары, баалуу белектери ошондой эле  райондук-шаардык профсоюз комитеттери тарабынан чыгармачылык менен иштеп жаткан,  облусттук кароо-сынакка катышуучулары болгон  12 мугалимге ар бирине баалуу белектер  тапшырылды.

Облусттук «Мыкты мугалим -2018», «Мугалим-коомдун күзгүсү»  кароо-сынагын уюштуруп өткөрүүгө Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын жетекчиси Сулайманова Рахат Токтогуловна өз кызматкерлери менен чоң жардам  көрсөтүү менен бирге редакциянын атынан баалуу белектерди, АрдакГрамоталарды тапшырды.

Рахат Токтогуловна өз сөзүндө 2019-жылдын март айында «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын уюшулгандыгынын   5 жылдыгына карата  «Мугалим-коомдун күзгүсү»  республикалык кароо-сынагын өткөрүлөөрүн жана Ысык-Көл облусунан Т.Сатылганов атындагы облустук мектеп интернатынын  англис тили сабагынын мугалими Апазова Айзада жана Түп районундагы Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин география сабагынын мугалими Байтиков Эдил катышу укугуна ээ болгондугун  жарыялады.

 

Ө.Молдокматов    Ысык-Көл облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз кыймылынын  уюштуруучусу.