Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык - Ата районунда жаңы мектеп ачылды

Өткөн жумада Ысык-Ата айыл  өкмөтүнө караштуу Үч-Эмчек айылындагы Ө.Жакишев атындагы орто мектептин ачылыш салтанаты болуп, ага  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калмырза Кожомкулов жана башкалар катышышты.    

Өкмөт башчы айылдын жашоочуларын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, Үч-Эмчек айылынын тургундарына Мамлекет башчынын атынан салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Ал өткөн жылы сел агымдарынан кийин бул аймакта жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынганын эскертип: «Биз кабыл алган чечимдердин жана өз убагында аткарылган иштердин аркасында бүгүн биз жаңы мектептин ачылышына катышып отурабыз. Ар-бир ата-эне баласынын мыкты билим берүүгө жөндөмдүү күчтүү, адискөй мугалимге туш келишин каалайт. Ушундан улам биз мугалимдер өзүн-өзү өркүндөтүүсү, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүсү, балдарга тийиштү деңгээлдеги билим берүүсү, алардын билимдүү болуп, ийгилик жаратуусуна шык берүүсү үчүн мугалимдердин ишин баалоонун жаңы критерийлерин коюудабыз. Өкмөт билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, ага бюджеттин дээрлик беш бөлүгүн багыттайт. Биз мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана өлкөнүн эң алыскы райондорундагы мектептерди интернет менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракеттенүүдөбүз» – деди.

Облус жетекчиси Туйгуналы Абдраимов,  Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бул жакшы саамалык менен айыл тургундарын, мугалимдерди жана окуучуларды куттуктап сөз сүйлөштү. Кызыл тасма кесилип, жаңы мектепти кыдырып чыгып, окуучулар жана мектеп жамааты менен маектешишти. Өкмөт башчы мектептин компьютердик классы үчүн жабдуу алууга сертификат  тапшырды.

 

 

Даярдаган: Д.Камбарова