Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ыймандуу, адептүү инсан-укуктук маданияттуулуктагы профсоюз лидери” кароо-сынагы

     «2017-жыл-Ыйман,  адеп жана укуктук - маданият  жылына» карата  «Ыймандуу, адептүү инсан-укуктук  маданияттуулуктагы профсоюз лидери” кароо сынагы  Баткен областынын айыл аймактарында өткөрүлүп, райондук, шаардык этаптары өткөрүлүүдө.

       2017-жылдын 1-июнь күнү Баткен шаарынын билим берүү мекемелеринин профсоюз комитеттеринин катышуусунда кароо-сынактын шаардык туру өткөрүлүп, калыстар тобунун чечими менен мыкты команда кароо-сынактын областтык туруна катышууга жолдомо алды. Кароо-сынак 7 этап менен өткөрүлдү;

-Саламдашуу.

-.Команданын  эмблемасын  коргоо.

-Кыргыз Республикасынын “Билим  берүү  жөнүндөгү”, “Мугалимдин  статусу жөнүндөгү”, “Эмгек  Кодекси”,  “Кесиптик  бирликтер жөнүндөгү”, “Эмгекти Коргоо жөнүндөгү”, “Дин жөнүндөгү”, мыйзамдар, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунунун Уставынын,  Баштапкы  кесиптик  уюмдардын ЖОБОСУнун негизинде   суроолор    берилди.

Кароо-сынактын жеңүүчү командалары билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова тарабынан  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Акматбеков жеңүүчү командаларды куттуктап, белектерин тапшырды.