Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ВИЧ, СПИД дартты жуктуруп албаңыз!

Жалал-Абад шаарындагы № 2 К.Закиров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучуларынын арасында, 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Биз дени сак өлкөдө жашайбыз!” аталышындагы таймаш өттү. Ага Жалал-Абад областтык КИЖСге (СПИД) каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун диспансер бөлүмүнүн дарыгери Айжан Эрматова, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышышты.

Таймаштын жыйынтыгында мыкты даярдык менен келген 8“А” классынын окуучулары 1-орунду жеңип, белектерге ээ болушту. Ошондой эле окуучуларга аталган илдеттин алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10 айында эле Жалал-Абад шаары боюнча 405 жаран ВИЧ илдетине чалдыкканы аныкталган.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков