Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук жардам көрсөтүлдү

Райондун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарына профсоюздун Баткен райондук комитетинин кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 9-10-март күндөрү жеринде усулдук жардам көрсөтүлдү. Баштапкы уюмдарда профсоюздун иш кагаздарынын номенклатурасын түзүү, БКБУ жөнүндөгү Жобого ылайык жылдык, кварталдык пландарды түзүү, аткарылышына жетишүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Билим берүү кызматкерлерин социалдык-экономикалык жактан колдоо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында үч тараптуу макулдашууларды түзүүдө  жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү материалдар таркатылды.

БКБУнун төрага, төрайымдары өздөрүн кызыктырган суроолоруна ынанымдуу жоопторду алышты.