Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилип жаткан усулдук материалдар биз сыяктуу жаш кызматкерлер  үчүн  абдан маанилүү деп айтсак жаңылышпайбыз.

Бүгүн Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилген “Тармактык профсоюз өнүгүү жолунда” аттуу 4-китепчедеги усулдук материалдар менен таанышышты. 

Анда Жаштар Кеңешинин ишмердиги жана Эмгекти коргоо боюнча берилген усулдук колдонмо профсоюздук иште чоң жардам болоору шексиз.

Усулдук колдонмо үчүн Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин атынан Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Абдукахар Араповичке жана жалпы аппарат кызматкерлерине  ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин

төрагасы Т. Бакиров