Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн Майлуу-Сууда

Билим берүү  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук комитетинин иш  планыныа  ылайык  2019-жылдын 30-майында Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шааркомдорү үчүн усулдук күн өткөрүлдү.

Профсоюздүк  иш-чарага обкомдун жооптуу  кызматкерлери: А.Бегматов, А.Айдаров, З.Сулайманов, облустук  текшерүү  комиссиясынын төрайымы А.Алиева, Борбордук Комитеттин алдындагы  демилгелүү  топтун  мүчөсү, Таш-Көмүр  шаарындагы №3 “Байчечекей”  бакчасынын  директору М.Үтүрбаева  жана шааркомдордун төрайымдары, бухгалтерлери катышты.

Усулдук күндө жооптуу  кызматкерлер профсоюздук  ишмердүүлүктү жолго кою, уюштуруу иштери, укук  жана  эмгекти  коргоо боюнча иштерди уюштуруу,финансалык тартипти  сакталышы, жаштар  менен  иштоо, номенклатуралык иш  кагаздарды жүргүзүү жөнүндөгү  райшааркомдордун материалдары  менен таанышып, суроолорго жооптор беришти.

Катышуучулар  усулдук күндү  уюштургандыгы   үчүн обкомго  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган: 

обкомдун  инспектору

А.Айдаров