Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн Аксыда

Билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  иш  планына  ылайык  2019-жылдын  28-майында Аксы, Ала-Бука, Чаткал райкомдору  үчүн усулдук  күн  өткөрүлдү.

Бул профсоюздук  иш-чарага  обкомдун  жооптуу  кызматкерлери А.Бегматов, А.Айдаров, З.Сулайманов жана  облустук  текшерүү  комиссиясынын  төрайымы А.Алиева, райкомдун  төрагалары, бухгалтерлери, эмгекти  коргоо инспекторлору  катышты.

Усулдук  күндө райкомдордун профсоюз  ишмердүүлүгүндө  уюштуруу  иштери, укук  жана эмгекти  коргоо иштерин  уюштуруу, жаштар менен иштоо, финансалык багыттагы ишмердүүлүк тууралуу  материалдар  менен таанышып, сунуштар берилди.

Суроолорго  жооптор  берилип, ой-пикирлер айтылды. Катышуучулар обкомго усулдук күндү  уюштургандыгы үчүн ыраазычылык  билдиришти.

Материалды  даярдаган:

Обкомдун инспектору

А.Айдаров