Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук бирикмелердин аткарган иштери, жаӊы ыкмалар

2019-жылы 16-январында Н.Мамбетов атындагы мектептин усулдук бирикмелеринин аткарган иштери боюнча жыйынтыктоо жана жаӊы ыкмаларды талкулоо үчүн семинар өткөрүлдү. Семинарга билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр келип катышышты. 
   2018-2019-окуу жылы үчүн ар бир усулдук бирикме өздөрүнүн жылдык  жана айлык иш пландарын түзүшкөн. Планда көрсөтүлгөн иштер өз убагында аткарылып, токтом, аныктама, көргөзмө куралдар, сабактардын пландары делого тиркеген. Райондун билим берүү бөлүмүнүн инспектору Узен Атаканов кагаз иштерин жаны ыкма менен жазууну түшүндүрүп талкууга салды. Токтом жазууда, аныктама, протоколдорду жаӊы ыкма менен жазуу бир канча женил. Ар бир өтүлгөн иш чаралардын план -сценарийи усулдук папкага салынат. Жаны иштеп жаткан жаш мугалимдерге усулдук бирикмеден насаатчы дайындалат. Ар айда бирикме отурум өткөрүп, каралган маселелерди талкуулап токтом, протокол жазылат. 
   Негизинен бирикме жетекчилеринин жүргүзгөн иштери "жакшы ". Иш планынында көрсөтүлгөн маселелер аткарылган. 
Жаӊы ыкма боюнча талкуу кызуу жүрүп жатты . Тарбия иштеринин усулдук бирикмеси актуалдуу темада,  окуучуларга оӊ таасирин тийгизген ачык сааттарды, КВН,  дебаттарды уюштуруу керектиги айтылды. Окуучулардын айлампа дептерлери ар айда бирикме тарабынан текшерилип отурумда талкуу жүрүп, протоколдор жазылат.
   Мектептин жалпы жамаатына талыкпай эмгек кылуу менен ийгиликтерди багындыра берүүсүн каалап кетели. 


 Материалды даярдаган мектептин профкому

Тотоева Наргиза.