"Устаты үлгү болуптур, шакирти андан озуптур"
2023-жылдын 18-апрелинде Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы жалпы орто мектебинде "Устаты үлгү болуптур, шакирти андан озуптур" аталышындагы райондук деңгээлде мугалимдер арасында кароо-сынак өткөрүлдү.
Сынактын максаты мектептеги усулдук иштерди жандандыруу жана устат-шакирт байланышын чыңдоо болуп саналат.
Иш чарага райондук билим берүү борборунун жетекчиси О.Нурманбетов, кесиптик бирлик комитетинин кызматкерлери жана райондун мектеп жетекчилери күбө болушту.
Сынакка 5 мугалим жана 5 окуучу таланттарын көрсөтүшүп, жеңүүчүлөргө Аксы районунун кесиптик бирлик комитети тарабынан ардак грамота жана баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Кесип бирликтин Аксы райондук комитетинин төрайымы Н.Тотоева