Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Устатка Таазим»

    Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган «Ыйман, адеп жана укуктук-маданият жылынын» иш чараларынын алкагында 2017-жылдын 31-октябрында Кадамжай шаарындагы Маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы, эмгек синирген мугалим Бакирова Тажи Бакировнанын «Устатка таазим» аттуу 70 жылдык маарекеси  болуп өттү.                 

   Кечеге Кадамжай раймамадминистрация башчысы-аким Исаков Жаныбек Маматович, акимдин орун басары Токто Ильязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш Орозбаевич, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Момошов Абдуалим Юнусалиевич, айыл өкмөттөрдүн, мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, мамлекеттик кызматкерлер жана Тажи эжейдин окуткан окуучулары  катышты.             

    Кеченин көркүн Баткен областык драм театрынын артистери жана маданият кызматкерлери ачты. Иш чаранын жүрүшүн Бакирова Тажи эжейдин сыйлыктарынын, жетишкендиктеринин көргөзмөсү коштоду. Баткен областык драм театрынын артистери эжейдин өмүр жолун сахналаштырып аткарып беришти. Келген коноктор Бакирова Тажи Бакировнага баалуу белектерин тапшырышып, педагогикалык ишмердүүлүгүнө мындан ары дагы ийгилик каалашты.