Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Устат -атадан улук

        Жалал-Абад  обкомунун  иш  планына   ылайык райшааркомдор  тарабынан «Карыяларды кадырлоо айлыгы» өткөрүлүп жатат. Ноокен  райкому  менен  райБББ биргелешип  устаттардан   кабар  алып, аларга  сый - урмат   көрсөтүү  иш-чараларын  алкагында райБББнүн мурдагы  башчысы,  ардагер  Ахметов  Сапарбай  Арзымбаевичтен  кабар   алышты. Жолугушунун  жүрүшүнөо  кесиптештери  тажрыйбалуу  мугалим, устат  жетекчинин турмуш  жолунда  жараткан педагогикалык  ийгиликтери  жөнүндө   кеңири  сөз  кылышты.

      РайБББнун  башчысы Б.Козуев устаттын басып  өткөн  жолу,  өмүр  таржымалы  жаштар  үчүн  өрнөк  боло  тургандыгана  токтолуп, кийинки  турмушуна  үй-бүлөлүк  бакыт-таалай  жана  бекем  ден соолук  каалады.

    Ардагер  С.Ахметов шакирттеры  тарабынан  айтылган  жылуу  пикирлерге  ыраазычылык  билдирип, башталган  жакшы  иштерди  мындан  ары  улантууда  ийгиликтерди  каалады.


Материалды   даярдаган : Жалал-Абад   обкомунун  пресс   катчысы-

М.  Абдыкадырова