Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Урматтуу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун каармандары!

Кадырлуу, Билим берүү кызматкерлери, ардактуу кесиптештер!

      Сиздерди Улуу Жеңиштин 75 жылдык юблейи менен Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук  комитетинин атынан куттуктайбыз!
      Улуу Жениш күнү – апааттын катышуучуларына сый көрсөтүү менен алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү күн. Аларга дайыма чеги жок ыраазычылыгыбызды айтып келебиз.
     Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо ардагерлерибиздин басып өткөн жолу,эрдиктери -өрнөк.
     Аталарыбыз алып келген Жеңиш туусу түбөлүккө желбиреп,  дүйнө жүзүндө  тынчтык орноп, жаш наристелерибиздин күлкүсү жаңырып турсун.

Сиздерди терен урматтоо менен,

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети
Лейлек райондук билим берүү бөлүмү.