Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Урматтуу, Билим берүү кызматкерлери!

Урматтуу, Билим берүү кызматкерлери!
 
Сиздерди Эмгек майрамы менен Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!
    1-май- Биримдиктин жана эмгек салтанатынын символу! Эмгек- ар бир адамдын жашоосундагы ажыратылгыс укугу. 
   Эмгек биздин талантыбызды ачып, кыялыбыздагы бардык максаттарыбызды ишке ашырат.
  Өлкобүздө болуп жаткан кыйын кырдаалга карабай келечек муундардын татыктуу билим жана тарбия алуусуна аралыктан билим, тарбия берүү менен баа жеткис салымыңыздарды кошуп келесиздер.Бул канчалаган эмгекти талап кылган аракет экенин жакшы түшүнүүдөбүз. Кандай гана кыйын учур болбосун мугалим баарына даяр экендигин, өз кесибинин мыктысы экендигин  көрсөтө алдыныздар. Биз СИЗДЕР менен сыймыктанабыз!
         Сиздерге  майрамдык маанай, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, тынчтык жана жаратман эмгегиңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз!
  Сиздерди терен урматтоо менен
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети!