Улуу Жеништин 70-жылдыгына карата Кара-Суу районунда билим берүү кызматкерлеринин Спартакиадасы болуп өттү
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин 2015-жылдын 3-апрелиндеги Президиумунун № 12-7 токтомунун негизинде Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитети Жобо иштеп чыгып 2015-жылдын 6-апрель күнү 2-3 токтому менен өзүнүн Президиумунда карап, талкуулап бекитти. Ушул жылдын 13-апрель күнү спорттун 5 түрү боюнча спартакиада өтүлө турган мектептердин жетекчилдеринин жана дайындалган калыстардын катышуусунда отурум өткөрүлдү.
Жобонун негизинде мугалимдердин райондук спартакиадасынын биринчи этабы 17 айыл аймактарында өткөрүлүп, жеӊүүчү болгон командалар аймактан курама команда түзүшүп, 2015-жылдын 19-апрель күнү райондук экинчи этап өткөрүлдү.
Спартакиада спорттун 5 түрү боюнча болуп, ага район боюнча 400дөн ашык билим берүү кызматкерлери катышты. Жеӊүүчү болгон командалар 24-25-апрель күндөрү облаттык этапка 32 билим берүү кызматкери катышат.
Мугалимдердин райондук спартакиадасына катышкан кызматкерлерге тамак-аш, баалуу белектер, медалдар, кубок жана дипломдор берилип, кеткен акча каражаты Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин боюджетинен жумшалды.