Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ноокенде окуучулар арасында областык спартакиада болуп өттү

Ноокен районунун   Кочкор-Ата шаарында  2015-жылдын 9-апрелинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Жалал-Абал областтык окуучулардын Спартакиадасынын ачылыш аземи болуп өттү. Спартакиаданын ачылыш аземине Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Сулайманов Муса Сулайманович, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркул Артыкович, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары  Каримова Анарбү Каримовна  жана Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдаровичтер катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Спартакиаданын башкы калысы, уюштуруучусу Жалал-Абад областтык баладар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, улуттук категориядагы калыс Джаркинбаева Гульмира Турдубаевна келген жетекчилерге өзүнүн эстелик медалын тапшырды.Спартакиаданын  ачылыш аземи Кочкор-Ата балдар чыгармачылык үйүнүн окуучуларынын даярдаган концерттик программалары менен аяктады. Аталган мелдешке областыбыздын бардык райондорунан спортчу окуучулар  машыктыруучулары менен келишип катышышты.Окуучулар спорттун тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, балдар жана кыздар арасында баскетбол, футбол,жеңил атлетика түрлөрү боюнча  мелдешүүдө.

 

2015-жылдын 8-12-апрелинде Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи”спорт клубунда спорттун баскетбол (кыздар, балдар), футбол, тогуз коргоол (балдар, кыздар), шахм ат( балдар, кыздар), стол үстүндөгү теннис ( балдар, кыздар) түрлөрү боюнча өткөрүлгөн Жалал-Абад областтык  окуучулардын Спартакиадасынын жыйынтыгы:

Баскетбол (кыздар) :

1-орун  Майлуу-Суу

2-орун Ноокен

3-орун Сузак

 

Баскетбол (балдар):

1-орун Сузак

2-орун Таш-Көмүр

3-орун Майлуу-Суу

 

Футбол:

1-орун Ноокен

2-орун Жалал-Абад

3-орун Кара-Көл

 

Тогуз коргоол (кыздар):

1-орун Базар-Коргон

2-орун Токтогул

3-орун Ала-Бука

 

Тогуз коргоол (балдар):

1-орун  Токтогул

2-орун Ноокен

3-орун Кара-Көл

 

Шахмат (кыздар):

1-орун Токтогул

2-орун Базар-Коргон

3-орун Аксы

 

Шахмат (балдар):

1-орун Аксы

2-орун  Ноокен

3-орун   Токтогул

 

Стол үстүндөгү теннис (кыздар):            Стол үстүндөгү теннис (балдар):           

1-орун   Токтогул                                             1-орун   Аксы

2-орун   Чаткал                                        2-орун   Жалал-Абад

3-орун    Сузак                                         3-орун    Сузак

 

Маалыматты даярдаган

Ноокен райКБК торагасы:                                         К.Нышанов.