Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу Ата Мекендик согуштун, Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлер менен жоолугушуулар уюштурулууда

Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата ОшМУнун медицина факультетинде согуштун ардагерлери менен жоолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга 3 согуштун ардагери К. Жолдошев, К. Яворский, К. Газыев, ошондой эле Баткен коогалаңынын  ардаргерлери, Россиянын Кыргызстандагы генералдык консулунун оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү жана медицина факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, жаштарга акыл насаат сөздөрүн, жакшы тилектерин жолдошту.

Ошондой эле таланттуу студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа коштоду.

Белгилей кетсек, ОшМУнун бардык факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде жеңиштин 70 жылдыгынын урматына түрдүү иш чаралар өтүп жатат.