Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

УЛУУ ЖЕНИШТИН ДАНКЫ ОЧПОЙТ!

УЛУУ ЖЕНИШТИН ДАНКЫ ОЧПОЙТ!

 

     9-май Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата 2020-жылдын 7-майында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин торагасы А.Момошов жана Кадамжай районунун билим берүү болумунун башчысы Ж.О.Орозбаев менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери жана Кадамжай районундагы Орозбеков айылына караштуу Охна гимназия мектебинде 50 жыл кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген Шамши Эшбаевди 9-май Улуу Жениш майрамы менен куттукташты.

     Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев жана төрага А.Момошов Ш.Эшбаевди 9-май Жениш майрамы менен куттуктап, жакшы каалоолорун билдиришип, акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

     Ардагер профсоюз тарабынан ар жыл сайын унутулбай уюштурулуп, көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, өз ыраазычылыгын билдирди.

 

Майдын айы эркиндиктин бульвары,

Мен отурам айланам гүл баары.

Жөн отурам тунук терең ойлордо,

Баштан өткөн күндөрдү эстеп мурдагы.

 

 

Дайым минтип майрам келген көз жакшы,

Баарын баштан өткөрүү кайрадан.

Ал кездерге аккан канды көз жашты,

Бирге кошсо жетмек канча дайрага.

 

 

Уулдары жоого аттанып,

Азаматтары эл коргомок душмандан.

Кан агызып тынч уйкуну бузгандан,

Жер-эне жалындайт,

Аккан кан көз жашка.

Дүйнө жүзү сузданган.

Мекен үчүн таштан бүткөн чеп коюп,

Баскынчылык кандуу жолун токтотот.

Жаш өмүр миллион,

Тоо уулу Чолпонбай,

Төшү менен ок тосот.

Жеңиш майрамы менен баардык мекендештерди куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакыт каалайм.

Материалды даярдаган уюштуруучу адис: А.Кошатова .