Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улуу устат 70 жашта

Майлуу-Суу шаарынын №8 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тил сабагынын мугалими Айдарова Саткынбү Идирисовна 25-ноябрь күнү 70 жашка толду. Бул күнү педагогикалык жамаат улуу устат - Саткынбү эжеге өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, куттукташты. Көп жылдан бери Саткынбү эже талыкпастан эмгектенип келе жатат. Окуучуларга өзүнүн билимин берип, жаш мугалимдерге үлгү болуп, сабактарын азыркы мезгилге жараша, заман-бап техникалык каражаттарды колдонуп, жогорку деңгээлде өтөт. Ар бир окуучунун жүрөгүнө жеткирип, өзүнүн сабагын сүйүүгө, окуучуларга кызыктуу, жеткиликтүү сабактарды өткөрүү менен ыймандуулукка, маданияттуулукка, билимдүүлүккө чакырып келет.

Өз демилгеси менен, методикалык кабинетти жакшыртуу, тажрыйба алмашуу максатында, ар бир мугалимге жардам берет. Ар түрдүү дидактикалык материалды даярдап, буклеттерди чыгарып, көргөзмө куралдарды жасап, кеп-кеңешин, көмөгүн аябайт. Мектеп администрациясы методикалык кабинетке Саткын Айдарованын атын ыйгарды. Жамаат бир добуштан макул болушту, улуу-устат эжени үлгү катары алып жүрүүгө даярдыгын билдиришти.

70 жылдык маарекеге Шааркомдун төрайымы Джураева Бусайра Парпиевна катышып, өзүнүн каалоо-тилектерин айтып, улуу-устат эжекеге арналган белегин тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Майлуу-Суу шаардык КБКнын төрайымы Б.Джураева