Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” акциясы

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Көк-Жаңгак шаардык комитети шаардагы мектептерде 1-октябрь карылар күнүнө карата “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акциянын иш-чарасын бекитти. Иш-чарада айтылгандай “Карысы бардын-ырысы бар” аттуу акция ар бир мектепте уюштурулуп, ага 5-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер жамааты активдүү катышып, карыларга арналган акчалай жана тамак-аш жагынан колдорунан келген жардамдарын чогултушту. Ар бир мектептин 5-11-класстарынын демилгелүү окуучулары менен биргеликте өз участогундагы карыяларга үйлөрүнө жеткирилип берилди жана үй жумуштарына да жардам беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров