Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-ж. 10-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» № 237 токтомуна ылайык жана 2018-ж. 15-сентябрынан 15-октябрга чейин кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгынын алкагында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ)   жыл сайын салттуу бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келет.

       Эл аралык карылар күнүнө карата 2018-ж. 1-октябрда КМКТАУнун ректораты, эмгек жамааты, профкому жана студенттери улуу муунга өз урмат-сыйын көрсөтүү максатында салтанаттуу иш-чара өткөрүштү.  КМКТАУда 40-50 жылдан ашуун эмгектенген эмгек ардагерлерин, окутуучуларды, кызматкерлерди, ошону менен катар  учурда үзүрлүү эмгектенип жаткан  улгайган адамдарды Чоң жыйындар залына чакыруу  менен салтанаттуу  майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын программасында куттуктоолор,  студенттердин концерттик программмасы жана  майрамдык дасторкон уюштурулган. 

 Алгач куттуктоо сөзү менен университеттин ректору, т.и.д., проф. Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович, андан соң эмгек ардагерлери Ниязов Шавхат Фаизович жана Абдыкеримова Калиман өз насаат сөздөрүн жолдошту.

Университеттин администрациясы тарабынан учурда иштеп жаткан пенсионерлерге премиялар берилди (104 адам х 500 с.=52 000 сом), ал эми профком тарабынан мурда иштеп кеткен пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүлдү (37 адам х 300с. =11 100 сом).

Мындан сырткары профкомдун  демилгеси менен ТВ-1-17 тобунун студенттери:Близнюк Артем, Дамирова Алтынай, Паранин Артем жана Эмиль кызы Айжан өтө муктаж болгон 3 кары адамдарды (мурдагы кызматкерлерди)  таттуу-азык пакеттери  менен куттуктап келишти (3 адам х 500 с =1500 с.).

 

 

Профкомдун төрагасы                                                         Дильдаев М.С.