Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Укуктук маданиятты жогорулатуу иш-чаралары

              КРнын  билим, илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Борбордук  Комитети  тарабынан  тармакта “2017-жыл-Адептүүлүк  жана  укуктук  маданиятты жогорлатуу”  жылы деп  жарыяланышы  менен  бул  багытта кабыл алынган  иш-чаралар  системалуу ишке  ашырылууда.       

           Жалал-Абад  обкомунун  иш  планына  ылайык  райшааркомдор ортосундо  өзара  тажрыйба  алмашуу менен  укуктук   маданиятты  жогорулатуу  белгиленген. 2017-жылдын  17-майында  Сузак  райкомунун  төрагасы Абдимажит  Жумабаевич  Орозалиев  Ноокен  районунда болуп, райкомдун  иш  тажрыйбалары  менен  таанышты. Тажрыйба  алмашуу  учурунда  жайкы  эс  алууну  уюштуруу, ден соолукту  бекемдоо  иштери,  укуктук  маданиятты  жогорулатуу иш-чараларынын  өткөрүлүшү менен  жакындан  таанышып, ой - пикирлерин  болушту.

         Ноокен  райкомунун  төрагасы  Кубанычбек  Калдарович Нышанов социалдык  өнөктөштөр  менен биргеликте  иштөө тажрыйбасынан  маалыматтар  берди. Тажрыйба  алмашуу  иштиктүү маанайда өттү.

Мындай  усулдук иш-чараларды системалуу  улантууну жетекчилер келишип  алышты.

Материалды  даярдаган :Жалал-Абад  обкомунун  пресс-катчысы-Махабат  Абдыкадырова