Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Учурдун талабы

Каракол  шаардык профсоюз комитетинде баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары жана мүчөлөрү менен келип түшкөн кайрылуу, арыздардын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баарлашып , суроо-жооп  менен ой пикир алышуу болду. Эки иштен бир иш дегендей  шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. “Позиция профоюза”  газетасына жарыяланган билим берүү уюмдарындагы эмгекти коргоо боюнча  сунуштамага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-ж. №238 токтому менен  “Эмгек шарттары оор  жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө”  жобо менен тааныштырып, ага ылайык билим берүү мекемелериндеги информатика мугалимдеринин эмгек акысына тиешелүү болгон кошумча төлөмдөрдү кайрадан  төлөтүп берүү маселесин коюлуп жаткандыгын айтып, профкомдордун  мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары жана милдеттерине да кеңири токтолуп өттү. Келип түшкөн даттануу, суроолорго өз учурунда жооп берүү учурдун талабы эмеспи...

 

Каракол шаары

Кудайбердиева Ж.