Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Туура маалымат - Жакшы багыт

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен  шаардык  комитети  кенейтилген  Президиум өткөрүп, Президиумга  Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Абдила Аламбекович Ахматбеков  жана  баштапкы  профсоюз уюмдарынын  төрайымдары катышты.Президиум  2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга  иш планын, комитеттин бюджетин карап чыгып талкуулап бекитти. 2020-жылы  Баткен шаардык  комитетинин  аткарган  иштерине  жакшы  баа берилип, Борбордук  Комитет  тарабынан  жарыяланган   онлайн кароо- сынактарда  Комитеттин  активдүү  иши  бааланганы белгиленди. Пандемия шартында өзгөчө  шарты оор профсоюз мүчөлөрүнө  материалдык колдоо көрсөтүүлөр  жакшы  жөрөлгө  болгонун  жыйындын  катышуучулары  баса белгилешти.

Төрайым М.Калыкова  жасаган докладында  ар бир  профсоюз мүчөсүнө  маалыматты өз убагында  жана  туура  жеткирүү, Фейсбук, ватсап ж.б.  баракчалардагы     маалыматтар боюнча  билбей туруп комментарийлерди жазбоо жана  агартуучу  катары  технологияларды  сабаттуу  пайдаланууга  чакырды.

Мындан тышкары  М.Калыкова  Профсоюз уюмунун  аткарган  иштерин  жер-жерлерге  дайыма  туура  факттар менен  айтуу зарылдыгын белгилеп өттү.

 

 

Даярдаган  М.Калыкова