Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Туулган күн кут болсун!

         21-ноябрь 2020-жыл Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдаровичдин кубанычтуу күндөрүнүн бири. Бүгүн ал өздүк майрамын, 50  жаш юбилейлик майрамын  белгилеп жатат. 

         Кубанычбек Калдарович Ноокен районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, профсоюз мүчөлөрүнүн, айрыкча жаштардын эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жаатында социалдык өнөктөштөр менен түзүлгөн  Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде бир топ ийгиликтерди жаратты.

         Кубанычбек Калдаровичди өздүк майрамы менен куттуктап, ага узун өмүр, бекем  ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык, иштеринде чоң-чоң ийгиликтерди  каалайбыз!

Ноокен райкомунун алдында түзүлгөн

жаштар кеңеши