Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түс жана көлөкө

Ош шаарындагы Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде Искусство факультетинин окутуучусу, талантуу сүрөтчү Үмүт Тешебаевдин “Түс жана көлөкө” деп аталган экинчи жеке сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Көргөзмөгө 80 ге жакын портреттик жанрдагы сүрөттөр илинип, сүрөтчүлөр, маданият өкүлдөрү, ОшМУнун жамааты келди. Максат отчёттук иш-план катары жана ошондой эле кыргыздын улуу инсандарынын жүзүн портрет аркылуу элге таанытуу.

Үмүт Тешебаев «Бүгүнкү Ош», «Кызым Машхура», «Замандаштардын портрети», «Сулайман Тоо», «Күзгү серенада», «Кечки Ош», «Түштүк кыз», «Жайлоодо», «Бегзад» чыгармаларынын автору катары таанымал. Автор көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды жеңген. 

Ал 1998-жылы Искусство факультететин ийгиликтүү аяктап, аталган факультеттин «Сүрөт чийүү жана эмгек» кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. Агайдын чыгармачылыктагы иштерин колдоп, ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан эс алуу үчүн 10күндүк акысыз жолдмо жана сый баракчасы ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова