Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага билим берүү кызматкерлеринен кабар алды

    Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдувапович 2017-жылдын 3-июнунда табигый кырсыктан жапа чеккен Чоӊ-Алай районунун  Жекенди айыл аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен кабар алып, мектептердин, балдар бакчаларынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуу Жекенди айыл аймагынын борбору Кара-Мык айылында болуп, ага мектеп директорлору, балдар бакчаларынын директорлору, эмгек жамааттарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушууда билим,илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев сүйлөп, жер титирөөнүн кесепетинен үйлөрү ар түрдүү деӊгээлде жабыркаган билим берүү кызматкерлери жөнүндө толук маалыматы бар экендигин, аларга жардам берүү боюнча областта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеӊири маалымат берип, областтык комитеттин жана райондук комитеттердин төрага,төрайым дарынын атынан 60 миӊ сом акча каражатын тапшырып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирликтери ар кандай кыйынчылыкта кесиптештер менен бирге экендигин, алардын кыйынчылыгын бирге көтөрүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле, областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин демилгеси менен ушул айыл аймагынын окуучулары үчүн Ош шаарындагы эс алуу лагерине 20 окуучуну бекер эс алдыруу боюнча чечим кабыл алынгандыгын айтты. Андан сырткары «Арстанбап» пансионатына, «Ала-Тоо», «Ысык-Көл» эс алуу үйлөрүнө 3 бюджеттик путевканы тапшырды.

    Ушундай кыйын күндөрдө алыстан ат арытып,жол карытып, кесиптештерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келген төрагага мугалимдер, мектеп,балдар бакчаларынын жетекчилери тереӊ ыраазы экендигин айтышып, төраганын кабар алып келиши алардын демине дем, күчүнө күч кошо тургандыгын белгилешти.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Чоӊ-Алай райондук комитетинин төрагасы:                                         А.Бөрүбаев