Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Төрага, төрайымдар менен жолугушуу өткөрүлдү

Ош областынын  билим, илим кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  райондук , шаардык   комитеттеринин   жана окуу  жайлардын  бириккен  комитеттеринин  төрага,  төрайымдары   областтык комитеттин  аппарат  кызматкерлери  менен  кесиптик  бирликтин   Борбордук   комитетинин  төрагасы  Токтогулов  Асылбек  Токтогулович  2020-жылдын  24-декабрында   жолугушуу  өткөрдү.  Жолугушууда  2020-жылды  түзүлгөн оор  кырдаалдар, пандемия  шартында  жүргүзүлгөн  иш-чаралар, кызматкерлерге  көрсөтүлгөн   материалдык  жардамдар  жөнүндө  токтолду. КПФнын  айланасында  жүрүп  жаткан иштердин  көйгөй, тескейлери жөнүндө  түшүнүктөрдү  берип,  тармактык  кесиптик  бирликтин   алдыдагы максаттарына   токтолуп,  өзүбүздүн  кызматкерлерибиз менен  тыгыз  байланышта  болуп  алардын  муктаждыктарын, социалдык маселелерин  чечип,  укуктарын  жана кызыкчылыктарын  коргоодо  жигердүүлүктү көрсөтүшүбүз керек.  Мүмкүнчүлүктөр бар  райондор эмгекти коргоо, техникалык  коопсуздукту  сактоо боюнча  инспектор  штатын  ачып,  адистерди  кабыл алып,  бул багытта  иштерди алдыга   жылдырсаӊыздар  болот  деп, областагы   мүшүлүктөргө  да  маалымат  айдынында  начар  иш жүргүзүлүп  жаткандыгына  токтолду.  Жолугушуунун аягында  суроолор  берилип, ынанымдуу  жооптор алынды.  Областтык комитеттин  төрагасы   С.Тойгонбаев  пандемия  убагында  көрсөтүлгөн   материалдык жана   азык-түлүк  жардамдардан баардык райшаар жана окуу жайлардын  кызматкерлери  көӊүлдүн сыртында  калбагандыгын  баса  белгиледи.  БПКнын  търагасы А.Токтогуловдун  белгилеп көрсөткөн  кемчилдиктери   тез арада  жоюуларына  токтолуп,  жолугушууда  айтылган кеп-кеӊештер  биздин областтын профсоюз лидерлерине  чоӊ дем  жана  күч болооруна ишеним  билдирди.