Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түп районунда аймактык олимпиада өткөрүлдү

Окуучулардын билим сапатын өнүктүрүү, жөндөмдүү окуучуларды колдоого алуу жана окуучулардын окууга болгон кызуугусун арттыруу максатында кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, математика, физика, информатика, биология, химия, тарых, география, англис тили предметтери боюнча Түп районунун билим берүү тармагынын  төрт аймагы боюнча предметтик олимпиада өткөрүлдү.

М.Элебаев орто мектебинде Талды-Суу аймагындагы 10 мектептен 216 окуучу, Ж.Мукамбаев орто мектебинде Күрмөнтү аймагындагы 8 мектептен 193 окуучу, К.Карачев орто мектебинде Арал аймагынан 7 мектептен 166 окуучу, ал эми В.Кайкин орто мектебинде Түп аймагындагы 9 мектептен 288 окуучу катышты. Жалпысынан аймактык олимпиадагы 863 окуучу катышты.

Ар бир аймакта олимпиада өткөрүү учурунда райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана усулчулар жоопту болушту. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар бир предмет боюнча комиссия курамы түзүлүп, бекитилген.Комиссиянын курамында өз кесибинин алдынкылары болушкан профкомдор да бар. Олимпиадага бөлүмдүн башкы адиси А.Жумадылова жана усулдук кабинеттин башчысы А.Келгенбаева көзөмөл кылышып,тесттер жана практикалык иштерди карашты.

Олимпиада жогорку жоопкерчиликте жана сапаттуу откорулду. Аймактык олимпиадада 1,2,3- орундарды ээлеген 463 окуучу райондук олимпиадага катышуу  үчүн жолдомо алышты. Райондук профсоюз комитети олимпиаданын өтүшүнө колдоо көрсөтүп, жеңүүчүлөргө жакшы каалоо тилектер айтылды.

 

                                           Мурат Сыдыков,

Түп райондук профсоюз комитетинин төрагасы