Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Түп райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети отчеттук-кайра шайлоо конферециясы өткөрүлдү.

Түп райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети отчеттук-кайра шайлоо конферециясы өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Түп райондук профсоюз комитетинин IX- конференциясы 2020-жылдын апрель айларында өткөрүү пландалган, Мамлекетибиздеги билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп, окуу жайларыдын баардыгы аралыктан окуп жаткан учурга туш келип, КР билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жагдайды эске алуу менен чыгарган токтомуна ылайык сентябрь айына жылдырылган, райондук конференция Тон районундагы “Красная Гвоздика” ден соолук чындоо борборунда 21-сентябрь 2020-жылы өткөрүлдү.

Конференцияга КР Борбордук билим берщщ жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору, областук билим берүү уюмдарынын координатору Урмамбетов Нурлан Асылбекович, Ысык-Көл облусунун райондук- шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, Түп райондук билим беруу бөлүмүнүн башчысы Такаев Адылбек Жумадылович , райондук конференциянын 32 делегаты, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери – мектептин жана мектепке чейинки мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Конференция жумушчу органдары болгон президиуму, катчылыгы, эсептөө, мандаттык, редакциялык комиссиялары шайланып иш жүргүзүштү.

Күн тартибиндеги 8 маселе каралып, токтомдор кабыл алынды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Түп райондук профсоюз комитетинин 5 жыл аралыгындагы иштерине делегаттар жана жетекчилер тарабынан жогорку баа берилди. Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович 2019-жылы Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарында жеринен таанышканын, баштапкы профсоюз уюидарынын төрагалары тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын баса белгилеп КР Борбордук профсоюз крмитеттин “Профсоюз кыймылынын Отличниги” төш белги сыйлыгынан алты жана “Ардак Грамоталардын” эки профсоюздун кызматкерлерине тапшырды.

Конференциянын жалпы делегаттары Сыдыков Муратбек Акуновичти кайрадан Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Түп райондук профсоюз комитетинин төрагалыгына бир добуштан шайлап алышты.

Конференцияны уюштуруп өткөрүү жогорку деӊгеелде болду. Жалпы конференциянын катышуучуларына сумка, маска, ручка, иш кагаздары менен камсыздалды ошондой эле сый тамак уюштурулду.

 

Райондук профсоюз комитетинин башкы эсепчиси М.Разыков