Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тоолуу райондогу алгылыктуу иштер

 “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында“ Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү (башчысы Б.Иманбердиев, профсоюздук комитети (төрагасы З.Ажыбаев) тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылган.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча иш-чаралар түзүлүп, бардык билим берүү жана профсоюздук уюмдары  тарабынан ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Учурда бардык билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар аяктоо алдында турат.

Район боюнча 11-класстарды 216, 9-класстарды  385 окуучу бүтүрүштү. Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыктары  да көңүл жубатарлык. Бул багытта окуучулардын билим сапатын көтөрүү боюнча мугалимдердин талыкпаган иштери өз  натыйжасын  берүүдө.

Табылгыты айылында жайгашкан Э.Касымалиев атындагы орто мектепте (директору А.Чокморов, профкомдун төрагасы К.Оркошов) , Казарман айылындагы М.Жаңыбаева атындагы орто мектепте  (директору А.Жарбашев, профкомдун төрайымы А.Өмүралиева), “Айзирек” балдар бакчасында (директору Р.Жаналиева, профкомдун төрайымы Назарбек кызы Арууке) ж.б.  билим берүү уюмдарында окуу жылы уюшкандыкта жыйынтыкталып, жаңы окуу жылына даярдык иштери ургаалдуу жүрүүдө.

Мугалимдердин эмгек өргүүлөрүнүн графиктери түзүлүп , жайкы эс алуу боюнча өнөктүктүн иш-чаралары бекитилген.

Окуучулардын каникул күндөрүн максаттуу өткөрүү үчүн облустагы балдардын  эс алуу борборлору менен тиешелүү уюштуруу  иштери алып барылууда.

Мындан сырткары  Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “ 2019-жыл-тармактык райондук, шаардык, ЖОЖ жана баштапкы уюмдардын профсоюздук комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулук жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Борбордук Комитеттин президиумунун 2018-жыл 25-декабрь №22/1 токтому  жана ушул маселе боюнча обкомдун президиумунун   (08.02.2019 № 1/6)  токтомун аткаруу боюнча иштер  жүргүзүлүүдө.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздук райондук комитетинин, мектептердин  жетекчилери менен өткөрүлгөн жолугушууда обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы А.Бегматов жакын арада аткарылуучу иштер талкууланып, зарыл маалыматтарды берди. Катышуучулардын  суроолоруна жооп кайтарды.

Акырында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары У.Иманбердиев жана райондун акими А.Кожошов менен жолугушту.

Жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана профсоюздук райондук комитетинин  төрагасы З.Ажыбаевдер жолугушту.

Жетекчилер менен жолугушуунун жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын көтөрүү, мектептердин жана балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, жайкы эс алуу өнөктүгүн  уюшкандыкта өткөрүү,  окуу жайын жаңыдан бүтүрүп келишкен жаш адистерге зарыл шарттарды түзүп берүү   боюнча кеңири сөз  болду.

 

А.Бегматов -  билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин

уюштуруу бөлүмүнүнүн башчысы