Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунун окуучулары менталдык арифметика боюнча Бишкекте откон олимпиадада ийгиликтерге жетишишти

         Менталдык  арифметика борборунун  Токтогул  районундагы  филиалынын  окуучулары  Бишкек  шаарында  өткөн  эл  аралык  олимпиадада  баш  байгени  багынтып,  Анталияга жолдомо  алышты.  Тактап айтканда  Токтогул районуна  караштуу «Мулкубат» атындагы  орто  мектебинин  7-классынын  окуучусу  Кенешбекова  Элназ  1-орунга  ээ  болуп, Анталияда  өтүүчү  мелдешке  Кыргызстандын  атынан  катышканы  жатат. 2-орунду  «Бримкулов» атындагы  гимназиянын  7-классынын  окуучусу  Айпери  Чынтемирова  багындырды. Ушул  эле  мектептин  окуучусу  Алтымышова  Бермет  «Финалист» номинациясына, «Мулкубат» мектебинин  окуучусу  Анарбеков Мээримбек «Таланттуу  абакус» 

номинацияларына  ээ  болуп  келишти.