Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районундагы Казатов атындагы орто мектебинин көчүрүү маселеси

        12-июнь күнү Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында райондук администрациянын башчысы   М. Сатымкулов, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Д. Сулпукарова жана райондук кесиптик бирлик комитетинин өкүлү  Б.Тулекеев Жаны-Жол айыл өкмөтү  менен биргеликте элдик жыйын өткөрүштү. Бул жыйындын  максаты Кара-Суу айылынын Казатов атындагы орто мектебинин акыбалы авариялык деӊгээлге келип калгандыгына байланыштуу, мектепти айылдын медициналык пункттун  имаратына  көчүрүп, ошол пунктту мектеп катары колдонуу маселеси каралып элдин ортосуна коюлду.

          Жыйындын жүрүшүндө райондук администрация жетекчиси  М. Сатымкулов жана Билим берүү бөлүмүнүн башчысы   Д. Сулпукарова  жаны мектеп түшкөнчө Кара-Суу айылынын мугалимдеринин жана окуучуларынын коопсуздугун сактоо  максатында  Казатов атындагы орто мектебин аталган айылдын  медициналык пунктуна жайгаштыруу абзел экендигин билдиришти. Медициналык пунктту, мектеп шартына ылайыкташтыруу  үчүн Токтогул  районунун акими оӊдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен акча  каражаттарын болуп берерин билдирди. Жыйынтыгында Казатов атындагы орто мектеби  медициналык пункттун имаратына көчүрүү чечими  кабыл алынды.