Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул районунда откон Жалал- Абад областтык спартакиаданын жыйынтыгы

          20-21-май  күндөрү  Токтогул районунда   Жалал-Абад областтык  мугалимдер  арасында  «Ден соолук – 2017»  спартакиадасы  Токтогул  жана  Мулкубат  атындагы  орто  мектептеринин  спорт  залдарында  өткөрүлдү.  Бул  эки  күндүн  ичинде  спорт сүйүчүлөрдүн  күнү  болду  десек  жанылышпайбыз,  анткени  мугалимдер арасындагы  спортчулар  кызуу  оюн  көрсөтүштү.  Өзгөчө  белгилей  кетсек  волейбол  боюнча Чаткал, Базар-коргон, Сузак, Ноокен, Ала-Бука  эркектер арасында, Токтогул жана Сузак аялдар  арасында  командалар  өзгөчө бир  кызыктуу  оюн  көрармандарга  көргөзө  алышты. Жыйынтыгында  жалпы  командалык  эсепке  салганда:

 

    1-орунга  Токтогул  районунун  спортчулары  жетишти.

    2-орунга  Сузак  районунун  спортчулары  жетишти.

    3-орунга  Жалал-Абад шаарынын  спортчулары  жетишити.

 

     Ар  бир  спорттун  түрү  боюнча  да  спортчуларга  Жалал-Абад  областтык  кесиптик  бирлик  комитети  тарабынан  даярдалган  кубок, медалдар  жана  дипломдор  тапшырылды.

    Жыйнтыгында  сөз  кезеги  келип  Токтогул райондун  акими  сөз  сүйлөп, келген конокторго калоо  тилектерин  айтуу  менен бирге  спартакиаданын  катышуучулары  жана  Токтогулга  келген  коноктор  узатылды.